27.04.2018 14:27

Сапар Исаков  КСДП төрагасынын орун басары кызматына шайланды

Сапар Исаков  КСДП төрагасынын орун басары кызматына шайланды

Бүгүн аталган  партиянын саясий кеңешинин  отуруму болуп өттү. Анда  кеңеш мүчөлөрү орун басарлыкка Асель Кодуранова, Сапар Исаков жана Мурадыл Мадеминовдун талапкерлигин карашты.

Буга чейин  Социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басарлыгы кызматын Фарид Ниязов аркалап келген. Ниязов  азыр  «Апрель» коомдук фондусунун аткаруучу директору.

Талкуунун жыйынтыгында саясий кеңештин мүчөлөрү  партия төрагасынын орун басарлыгына  3 талапкердин дайындалышын  бир добуштан  колдошту.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө партия төрагасы Алмазбек Атамбаев саясий кеңештин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.